Ссылки доступа

Алматы полициясы журналисттин уулуна кол салуу фактысын иликтейт


Алматынын полиция департаменти журналист Динара Егеубаеванын уулуна жасалган куралдуу кол салуу боюнча иликтөө башталганын билдирди.

“Бул факт катталды. Иштин жагдайын аныктоого багытталган комплекстүү иш-чара жүрүп жатат”, — деп айтылат билдирүүдө.

5-февраль күнү кечинде журналист Динара Егеубаева соцтармактар аркылуу уулуна пистолет менен кол салышканын кабарлаган. Уулу подъездге чуркап кирип, дароо апасына чалган.

14-январда белгисиз кишилер Динара Егеубаеванын унаасынын салонуна кирпич ыргытышып, машинени өрттөшкөн. Автоунаанын өрттөнүп жатканы тартылган кадрларды журналист соцтармактардагы баракчаларына жайгаштырган. Егеубаева бул окуяны өмүрүнө кол салуу аракети катары баалаган. Бир нече күндөн кийин Алматы полициясы автоунааны өрттөө шеги менен беш өспүрүм кармалганын билдирген. Алар El Media редакциясынын эшигин талкалоого да шектелип жатканы айтылган.

Соңку жарым жылда Казакстанда журналисттерге жана редакцияларга чабуул жасоо учурлары көбөйдү.

Эл аралык уюмдар Казакстанды сөз эркиндигинин абалы оор мамлекеттердин катарына кошкон. Өлкө "Чек арасыз кабарчылар" уюмунун басма сөз эркиндиги индексинде 180 өлкөнүн ичинен 122-орунда турат.

XS
SM
MD
LG