Ссылки доступа

Пенжикенттеги мамкызматкердин өлүмүнүн себеби аныктала элек


Тажикстандын Пенжикент шаарындагы социалдык коргоо жана пенсия бөлүмүнүн 59 жаштагы кызматкери Асад Бахромовду өлүмгө түрткөн себептер азыркыга чейин аныктала элек. Анын сөөгү өз үйүндө асынган абалда табылган.

Маркумдун туугандары Асад Бахромов Коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери менен сүйлөшкөндөн кийин өз жанын кыйганын айтышты. Алар сүйлөшүү учурунда мамлекеттик кызматкерге психологиялык басым көрсөтүлгөнүн белгилешүүдө.

Социалдык коргоо жана пенсия агенттигинин директору Дилмурод Давлатзода 7-февралда өткөн маалымат жыйынында кызматкеринин ишинде эч кандай алешмедик болбогонун билдирди.

"Биз укук коргоо органдарынын бүтүмүн күтүп жатабыз. Тергөөчүлөр суициддин себебин аныктоосу керек. Ал ээлеген кызматта кандайдыр бир каржы жоопкерчилиги болгон эмес", - деди Давлатзода.

Мурдараак Асад Бахромовго ыйгарым укуктарын ашыра пайдалануу айыбы менен кылмыш иши козголгону айтылган.

Асад Бахромов мурда Пенжикент шаарындагы "Агропромдо" иштеген. Ал Пенжикент төрагасынын мурдагы орун басары Мухбил Мардоновдун иниси болчу.

Видео

XS
SM
MD
LG