Ссылки доступа

Казакстанда "Аманат" партиясы мажилис депутаттыгына 119 талапкер көрсөттү


Казакстанда "Аманат" партиясы кезексиз Мажилис (парламенттин төмөнкү палатасы) шайлоосуна талапкерлеринин тизмесин жарыялады. Андагы 90 талапкер шайлоого партиялык тизме менен катышса, 29у бир мандаттуу округдарда жарышка түшөт.

"Аманат" партиясы 75% жаңыланды. Ал бир лидердин партиясынан "лидерлердин партиясына" айланды", – деди партиянын төрагасы Ерлан Кошанов 7-февралда өткөн кезексиз курултайда.

Партиянын талапкерлер тизмесине мурдагы министрлер, депутаттар, белгилүү ишкерлер жана спортчулар кирген. Тизмеде ошондой эле буга чейин бийликтин аракеттерин сындап келген төкмө акын Ринат Заитов да бар. Ал 2019-жылы Касым-Жомарт Токаев жеңүүчү деп табылган президенттик шайлоонун таза өткөнүнөн күмөн санаган жарандар менен бирге көчөгө чыгып, полиция тарабынан кармалган. Учурда Заитов Алматыдагы "Алатау" театрынын директору болуп иштейт.

Казакстанда бардык деңгээлдеги мажилистер менен маслихаттардын депутаттарын шайлоо быйыл 19-мартта өтөт. 20-январда башталган шайлоолорго талапкерлерди каттоо 18-февралга чейин созулат. Андан соң үгүт иштери башталып, ал 18-мартта түнкү саат 12де аяктайт.

21-январда Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) өлкөдө расмий каттоодон өткөн бардык жети партиянын тең парламенттик шайлоого катышуу арызы кабыл алынганын билдирген.

Парламенттин төмөнкү палатасы эсептелген Мажлис депутаттарынын 29у бир мандаттуу округдар, 69у партиялар тизмелер боюнча шайланат.

Бүгүнкү күнгө карата "Элдик партия","Ак жол", "Байтак", "Жалпы улуттук социал-демократиялык партия" жана "Ауыл" партиялары шайлоо алдындагы курултайларын өткөрүп, талапкерлерин аныкташты.

Бул шайлоого бир мандаттуу округдар боюнча катышуу ниетин жарандык активисттер да билдиришкен. Бирок БШК "мыйзам бузуулар" болгонун билдирип, алардын айрымдарын каттоодон баш тартты. Бир катар эксперттер бийлик активдүү саясий ишмердүүлүгү менен байкалган жарандардын талапкер катары катталышына мүмкүнчүлүк бербей жатканын айтууда.

Батыш өлкөлөрүнөн келген байкоочулар Казакстандагы буга чейинки бир дагы шайлоону эркин жана адилеттүү өттү деп тааныган эмес.

XS
SM
MD
LG