Ссылки доступа

Түркиядагы жер титирөөдөн Өзбекстандын жараны каза болду


Түркиянын Малатия провинциясында жер титирөөдөн өзбек жараны каза болду. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, мындан тышкары дагы төрт өзбекстандык дайынсыз болууда. Аларды табуу боюнча издөө-куткаруу иштери жүрүп жатат.

Өзбекстан ТИМи билдиргендей, жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга жардам берүү үчүн жөнөп кеткен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары 10 миңден ашуун этникалык өзбек жашаган Хатай облусунун Овакент айылында издөө-куткаруу иштерине киришти.

Түркиянын Кахраманмараш шаарында эл аралык мелдешке катышып жаткан өзбек спортчулары жер титирөөнүн очогунан чыгарылып, Анкарага жеткирилди.

XS
SM
MD
LG