Мигранттардын алгачкы тобу пенсия алуу үчүн керектүү документтерди тапшырышты. Бул тууралуу 7-февралда Душанбеде өткөн маалымат жыйынына Социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо агенттигинин башчысы Дилмурод Давлатзода билдирди.
Тажик эмгек мигранттарын пенсия менен камсыздоо боюнча Тажикстан менен Орусиянын ортосундагы келишимге 2021-жылы кол коюлган. Документти Орусия 2014-2015-жылдары эле иштеп чыккан. Талкуу жана ар түрдүү инстанцияда макулдашуу дээрлик жети жылга созулган.