Ссылки доступа

Өзбекстан Түркмөнстанга "тез жардам" унааларын белекке берди (видео)


Түркмөнстан достук жардамы катары Өзбекстанга суюлтулган газдын партиясын жөнөттү. Ага жооп иретинде Ташкент Ашхабадга Volkswagen Caddy үлгүсүндөгү 20 заманбап тез жардам унаасын берди. Бул тууралуу Өзбекстан президентинин басма сөз кызматы билдирди.

УзА кабарлагандай, Өзбекстан менен Түркмөнстандын дипломатиялык мамилесинин 30 жылдыгына байланыштуу өз-ара сыйдын белгиси катары эки өлкө бири-бирине достук жардамын көрсөттү.

Өзбекстандын Энергетика министрлиги январда газ жеткирүү үзгүлтүккө учураганы үчүн Ташкент Ашхабаддан акчалай компенсация талап кылганы жөнүндө соцтармактарда жарыяланган маалыматты четке какты. Түркмөнстан жөнөткөн газ отун-сууга муктаж үй чарбаларынын арасында бөлүштүрүлөт.

XS
SM
MD
LG