“Биз эч кимге эфирдик убакыт берүүдөн баш тарткан жокпуз. Азыркы тапта бекер эфирдик убакыт мамлекеттик музыкалык жамааттардын солисттерине жана музыканттарына гана берилүүдө”, - деди Тажикстандын Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу комитетинин башчысы Нуриддин Саид.
Анын айтымында, башка ырчылар акча төлөп теле аркылуу обого чыга алышат.
Мамтелерадионун өкүлдөрү тексттери жана клиптердин форматы телеканалдын форматына шайкеш келбеген, айрыкча этика жана мораль нормалары сакталбаган ырларды эфирге берүүгө тыюу салынганын айтышты. Алардын билдиришинче, ар бир ыр жана клип обого чыгардан мурун Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу комитетинин чыгармачыл кеңешинин сынынан өтөт.
Тажикстанда 15 мамлекеттик жана 18 жеке телеканал бар. Өкмөт тарабынан каржылай жана саясий колдоо алган мамлекеттик каналдар өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жеткиликтүү. Тажик бийлигин сындагандар мамлекеттик каналдар негизинен мамлекетик пропаганда жүргүзүү менен чектелип, олуттуу жана сезимтал темаларды чагылдыруудан качышарын айтып келишет.