Ссылки доступа

Тажикстан 2022-жылы Ооганстанга 73 млн долларга электр энергиясын экспорттоду


Бул маалыматты Тажикстандын Бажы кызматынын документтери далилдейт. Документтин көчүрмөсү “Озоди” радиосунун редакциясына келип түшкөн.

Өткөн аптада Тажикстандын энергетика министри жана «Барки Точик» энергохолдингинин башысы Ооганстанга экспорттолуп жаткан электр энергиясы боюнча маалымат берүүдөн баш тарткан.

Тажикстандын Бажы кызматынын маалыматына караганда, былтыр Ооганстанга 4,3 цент менен 1,7 млрд кВт саат электр энергиясы берилген.

2022-жылы февралда «Барки Точик» энергохолдинги кол коюлган келишимге ылайык, Ооганстанга 4,67 центтен 1,5 млрд кВт саат электр кубаты экспорттолорун кабарлаган.

2008-жылдагы келишимге ылайык, тажик электр энергиясынын баасы ооган керектөөчүлөрү үчүн жыл сайын 3% кымбаттап турат. Ооганстанга электр кубатын жеткирүү келишими 2028-жылга чейин эсептелген. Жылына кошумча протокол түзүлүп, электр энергиясынын жеткириле турган көлөмү жана баасы аныкталат.

XS
SM
MD
LG