Ссылки доступа

Түркияда элчилик ондогон кыргызстандыкты коопсуз жайга чыгарууга жардам берди


Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги соңку маалымат боюнча зилзалада набыт болгондордун арасында кыргызстандыктар жок экенин билдирди. Бул тууралуу "Азаттык" элчиликтин 8-февраль күнү кечке жуук тараткан маалыматына таянуу менен кабарлады.

Газиантеп шаарынан 17 кыргызстандыкты Казакстанга учак менен жөнөтүү маселеси чечилгени да маалыматта айтылат. Аларды Астанадан кыргыз элчиси тосуп алып, убактылуу жайга жайгаштырып, Кыргызстанга жөнөтөт.

Андан тышкары 20дан ашык кыргызстандык Газиантептен Анталияга, Аланияга жана Анкарага эвакуацияланат. Кыргызстандын Анталиядагы консулдугунун кызматкерлери Хатай провинциясынан ондой кыргызстандыкты коопсуз жерге көчүрүп жатат. Буга чейин Османийе жана Адана шаарларынан беш жаран эвакуацияланды.

Кахраманмараш шаарында жашаган, буга чейин дайынсыз болуп жаткан эки жаран байланышка чыгып, ал жерден үч жаран коопсуз жайга чыгарылды. Малатия шаарында он адамга жардам берилип, алардын ичинен эки бала жана кош бойлуу аял Түркиянын аскердик учагы менен Анкарага жеткирилди.

Буга чейин Тышкы иштер министрлиги Анкара жана Стамбул шаарларында гуманитардык жардам чогултуу пункттары иштеп жатканын, Кыргызстандан барган куткаруучулар тобу Кахраманмараш шаарында ишке киришкенин билдирген.

6-февралда Түркия менен Сирия чектешкен аймакта жер эки жолу катуу силкинип, күчү 7,5-7,8 баллга жеткен. Соңку маалыматка караганда, Түркия менен Сирияда мерт болгондор 11 миңден, жарадарлар 45 миңден ашты.

XS
SM
MD
LG