Ссылки доступа

"Азаттыктын иши" тууралуу сот: министрликтин арызын кароо 20-февралга жылды


Бишкек шаарындагы Ленин райондук соту "Азаттык Медиа" мекемесинин Жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердигин токтотуу тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өтүнүчүн кароону 20-февралга жылдырды.

Буга аталган министрликтин отурумду башка күнгө жылдыруу жана экспертиза дайындоо өтүнүчү себеп болду. Доогер тараптын өкүлдөрү 9-февралдагы сот процессине келген жок.

Министрликтин доо арызында "Азаттык" кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыяланган видеоматериал өчүрүлө электигин жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканын белгилеген. "Азаттык Медиа" мекемеси "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзамдын 23-беренесинин "согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук, диний обочолонууну жана башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү насааттоого тыюу салынат" деген пунктун бузуп жатканын көрсөткөн.

Былтыр 26-октябрда аталган министрлик "Азаттык Медианын" веб-сайтын бөгөттөө чечимин чыгарган. Буга "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун дагы бир кызматы - "Настоящее время" телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материалы негиз болгонун маалымдашкан. Министрлик өз арызын Кыргызстанда былтыртан бери иштеп баштаган "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамга негиздеген.

Министрликтин бул кадамын бир катар коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап чыгышты.

Бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин "Азаттык Медианын" сайтына жана банк эсебине коюлган бөгөттү тезирээк алып салууга чакырып келет.

Соңку жолу 20-январда АКШ Сенатынын Эл аралык байланыштар боюнча комитетинин төрагасы Боб Менендес жана комитеттин мүчөсү Жим Риш Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына жана "Азаттык" радиосу туш болгон чектөөлөргө тынчсыздануусун билдирип, президент Садыр Жапаровго кат жолдошкон. Алар "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзам көз карандысыз медианы чектөө үчүн, өзгөчө "Азаттык" радиосунун сайттарын жана банк эсебин бөгөттөө үчүн колдонгонун айыпташкан.

Буга президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев 22-январда Фейсбуктагы баракчасы аркылуу жооп берип, өлкөдө сөз эркиндигине кысым жок экендигин жана "Азаттык Медиа" боюнча чечим мыйзамдын талабына ылайык кабыл алынганын белгилеген.

Ага чейин Human Rights Watch уюму, "Журналисттерди коргоо комитети" жана Евробиримдиктин адам укуктары боюнча өкүлү Эймон Гилмор, кыргыз бийлигин "чектен чыккан цензурадан баш тартып, сөз эркиндигин коргоого" чакырышкан. АКШнын, Британиянын, Германиянын, Франциянын элчиликтери жана Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү кыргыз бийлигине кайрылган.

XS
SM
MD
LG