Ссылки доступа

Тажикстанда пияздын баасы бир жумада 12% жогорулады


Тажикстанда өткөн айга салыштырмалуу пияздын баасы 50% жогорулады. Бул тууралуу БУУнун базар бааларына мониторинг кылган Азык-түлүк программасынын 7-февралдагы баяндамасында айтылат.

Ага ылайык, өлкөдө 1 килограмм пияздын баасы жети сомониден 11 сомониге чейин жетүүдө. Айрым социалдык түйүн колдонуучулары пияз 12 сомониден сатылып жатканын билдирүүдө.

Тажикстандын өкмөттүк "Жумхурият" басылмасы пияздын болуп көрбөгөндөй кымбатташына январь айындагы катуу суук себеп болгонун, дыйкандардын кампаларда сакталып турган пиязы тоңуп калганын жазды.

БУУнун Азык түлүк программасынын баяндамасына ылайык, ошол эле маалда Тажикстанда ун, өсүмдүк майы, күрүч жана тоок эти өңдүү башка өзүк-түлүк түрлөрү бир аз арзандаган.

XS
SM
MD
LG