Ссылки доступа

Кыргызстан Түркияга дагы 100 куткаруучу жөнөтөт


Жогорку Кеңештеги президенттин жана өкмөттүн өкүлү Алмасбек Абытов "Ыйман Нуру" фракциясынын лидери, депутат Нуржигит Кадырбековдун Кыргызстандын Түркияга ыктыярчылар тобун жөнөтүү сунушуна жооп берди.

Ал 9-февралдагы жыйында жер титирөө болгон аймакка атайын даярдыктан өткөн адистер гана бара аларын айтып, ушул жемшембиде дагы 100 куткаруучу жөнөтүлөрүн айтты.

"Түркиядагы куткаруу иштерине аттестациядан өткөн гана куткаруучулар катыша алат. Бүгүнкү күндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 67 куткаруучу боордош Түркияда үч күндөн бери иштеп жатат. Ушул жекшембиде дагы 100 куткаруучу атайын борт менен учууга даярдык көрүүдө", деди Абытов.

Буга чейин Кыргызстандан барган куткаруучулар жер титирөөнүн очогу болгон Кахраманмараш шаарына бөлүнгөн.

Түркия менен Сириядагы жер титирөөдөн каза болгондор жалпысынан 19 700гө жеткенин 9-февралда кечке жуук BBC кабарлады. Алардын 16 миңден көбү Түркияда экенин бул өлкөнүн Табигый кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу агенттиги (AFAD) билдирди.

6-февралда Түркия менен Сирия чектеш аймакта эки жолу күчү 7,5-7,8 баллга жеткен жер титирөө катталган.

XS
SM
MD
LG