Ссылки доступа

Өзбекстанда Дарыкана түйүндөрүн өнүктүрүү агенттигинин башчысы кармалды


Өзбекстанда Дарыкана түйүндөрүн өнүктүрүү агенттигинин башчысы Сардор Кариев жана анын бир нече шериги кармалды.

Өлкөнүн Коррупцияга каршы күрөшүү агенттиги алар "Док-1 Макс" жана "Амбронол" сиробун ичкенден кийин бөйрөгү сезгенип өлгөн балдардын ишин иликтөөнүн алкагында кармалышканын маалымдады.

Иликтөөнүн жүрүшүндө көптөгөн каржы кемчиликтери, бюджеттик акчаны колдонуудагы талаптардын бузулушу аныкталган.

Буга чейин Өзбекстанда "Док-1 Макс" препаратын ичкенден кийин 20 бала чарчап калганы ачыкка чыккан. Ушул тапта бир катар тиешелүү мекемелердин үстүнөн тергөө жүрүп жатат. Өзбекстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Эльмира Баситханова жабыркаган үй-бүлөлөргө кенемте төлөп берүү жагы каралып жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG