Ссылки доступа

Тажикстанда күйүүчү май арзандады, жол кире төмөндөгөн жок


Иллюстративдик сүрөт
Иллюстративдик сүрөт

Тажикстанда бензин менен суюлтулган газдын баасы арзандады. Жашоочулар эми коомдук транспорттун баасы да төмөндөшү мүмкүнбү деп үмүттөнүп жатышкан.

Бирок Тажикстандын транспорт министри Азим Иброхим тариф төмөндөбөй турганын айтты. Анын билдиришинче, май арзандаганы менен соңку эки жылдан бери автотранспорттордун тетиктеринин баасы кымбаттады, тейлөө акысы да жогорулады.

“Ушул тапта жүргүнчүлөрдөн түшкөн акча чыгымдын 10-15 пайызын гана жабат”, - деди министр.

Душанбеде акыркы жолу жол кире 2022-жылы жайында кымбаттаган. Анда суюлтулган газдын литри 6,6 сомони, бензиндин литри 8,5 сомони болгон. Быйыл январда суюлтулган газдын баасы 3,4 сомониге чейин арзандаган. Расмий маалымат боюнча Тажикстанда автоунаалардын 60% суюлтулган газ колдонот.

Расмий статистика боюнча Тажикстан мунай өнүмдөрүнүн 86% Орусиядан, суюлтулган газдын 90% Казакстандан сатып алат.

XS
SM
MD
LG