Ссылки доступа

Авариядан улам Казакстандын алты аймагында электр энергиясын берүү чектелди


13-февраль күнү эртең менен авариядан улам Казакстандын Экибастуз-Агадыр электр берүү линиясы өчтү. Бул тууралуу "Электр түйүндөрүн башкаруу боюнча Казакстан компаниясынын" (KEGOC) басма сөз кызматы кабарлады.

"13-февраль күнү эртең мененки саат 09:23тө технологиялык коргоо каражаттарынын аракетинен улам Экибастуз-Агадыр электр берүү линиясы авариялык өчтү. Мындан улам Алматы, Жамбыл, Түркстан, Кызылордо, Караганда жана Жетысу облустарында электр энергиясын берүү 10% чектелди", – деп жазылган басма сөз кызматтын билдирүүсүндө.

KEGOC учурда аталган аймактардагы керектөөчүлөргө электр энергиясын берүүнү толук калыбына келтирүү иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Казакстандын Энергетика министрлиги кабарлагандай, түшкү саат 12:00гө карата электр энергиясын берүү бир катар өнөр жай ишканаларында гана толук калыбына келтириле элек.

Казакстанда акыркы эки жылдан бери электр энергиясынын тартыштыгы байкалууда. Бийлик муну калк менен бизнестин электр кубаттуулугуна болгон суроо-талабынын өскөнүнө, энергетикалык инфраструктуранын эскиргенине жана "көмүскө майнерлердин" ишмердүүлүгүнө байланыштырып келет.

Февралдын башында казак өкмөтү өлкөнүн Энергетика министрлигине "электр энергиясынын тартышытыгын жоюу үчүн" чукул чараларды көрүүнү тапшырган.

XS
SM
MD
LG