Ссылки доступа

Булак: Тоолуу-Бадахшан автоном облусунун прокурору кызматтан алынды


Парвиз Орифзода
Парвиз Орифзода

Тажикстандагы Тоолуу-Бадахшан автоном облусунун прокурору Парвиз Орифзода кызматтан алынды. Бул тууралуу "Озоди" радиосу өз булактарына таянып кабарлады. Азырынча бул маалыматты тажик өкмөтү менен Башкы прокуратурасы ырастай элек.

"Озодинин" укук коргоо органдарындагы дагы бир булагы кабарлагандай, өткөн жуманын аягында Орифзодага карата "Укук коргоо органдарынын кызматкерлерин кемсинтүү" беренеси менен тергөө иштери башталган. "Акыркы кездери Орифзода көп ичип жүргөн. Бир нече күн мурда ал милиция кызматкерлерин кемсинткен. Бул учур тартылган видео президенттин аткаруу аппаратына жөнөтүлүптүр", – деди булак.

Парвиз Орифзода Тоолуу-Бадахшан автоном облусунун прокурору кызматына 2018-жылы дайындалган. Өткөн жылы май айында Хорог шаарында болгон нааразылыктар учурунда ал бир нече жолу жергиликтүү "Бадахшон ТВ" телеканалынан сүйлөп, аймактын бейформал лидерлерин жапырт башаламандык уюштурууга жана башка оор кылмыштарга айыптаган.

2021-жылы ноябрда милициянын атайын операциясы маалында каза болгон жергиликтүү тургун Гулбиддин Зиёбековдун өлүмүн иликтөөнү талап кылган миңдеген киши Хорог шаарынын борбордук аянтына топтолгон. Алар менен укук коргоо кызматкерлеринин ортосундагы кагылышууда эки жергиликтүү тургун өлгөн. Дагы 15 киши жана 12 милиция кызматкери жараат алган. Бийлик анда Зиёбековдун өлүмүн адилет тергөөнү, акция катышуучуларын жазалабоону жана аймакта интернет байланышын калыбына келтирүүнү убадалаган.

2022-жылы 16-майда Хорогдун тургундары кайра нааразылык акциясына чыгып, Зиёбековдун өлүмүнө күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылышкан. Бийлик чогулгандарды "уюшкан кылмыштуу топ" деп атап, аларды таратуу үчүн кошумча күч жөнөткөн. Жолдо Рушан районунун жашоочулары укук коргоо кызматкерлеринин жолун торошкон. ИИМ тургундар күч түзүм кызматкерлерине кол салганын билдирип, "антитеррористтик операция" баштаганын билдирген. Анын жыйынтыгында 34 киши өлүп, ондогон адам кармалганы кабарланган.

Парвиз Орифзода Тоолуу-Бадахшан автоном облусунун прокурору катары бул окуяларга байланыштуу козголгон кылмыш иштеринин тергелишин көзөмөлдөп келген.

XS
SM
MD
LG