Ссылки доступа

Былтыр дээрлик 8 миң киши Казакстандын түштүгүнөн түндүк аймактарына көчүп барган


Өткөн жылы дээрлик 8 миң казакстандык өлкөнүн түштүгүнөн түндүк аймактарына көчүп барган. Бул тууралуу Казакстандын Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги билдирди.

"2022-жылы "Күчтүү аймактар – өлкөнүн өнүгүүсүнүн кыймылдаткычы" аттуу улуттук долбоорду ишке ашыруунун алкагында Казакстандын жумушчу күчү көп аймактарынан жумушчулар жетишпеген аймактарына 7 923 киши өз ыктыяры менен көчүп барды. Алардын 1 320сын кандаштар түздү", – деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.

Мекеменин маалыматына караганда, өлкөнүн түндүк аймактарына көчүп баргандардын 3 652син ишке жарамдуулар түзүп, алардын 2 811и туруктуу жумушка орношкон. Мындан тышкары 7 622 адамга бир жолку акчалай жардам берилсе, 5 633 жарандын турак-жайга болгон чыгымдары төлөнүп берилген.

Улуттук программанын алкагында өлкөнүн түндүгүнө көчүп барган жарандарга төмөндөгүдөй мамлекеттик жардамдар каралган:

  • үй-бүлө башчысына жана ар бир мүчөсүнө 70 минималдык айлык көрсөткүч (азыркы курс боюнча 537 доллар) өлчөмүндөгү бир жолку акчалай жардам берүү;
  • үй-бүлө мүчөлөрүнүн санына жана алар жайгашкан калктуу конушка жараша турак жай ижарасын жана коммуналдык кызматтарды 12 ай төлөп берүү;
  • кыска мөөнөттүү кесиптик окутууларга жөнөтүү;
  • ишке орношууга же ишкерлик демилгелерин өнүктүрүүгө көмөктөшүү.

Мындан тышкары программанын алкагында башка аймактан көчүп келген жарандарды турак жай менен камсыздап, эки жылдан кем эмес мөөнөткө жумушка алган иш берүүчүлөргө да ар бир жумушчу үчүн 400 минималдык айлык көрсөткүч (3 миң доллардан ашык) өлчөмүндө субсидия төлөнүп берилет.

Акыркы жылдары Казакстандын түндүк аймактарына негизинен башка өлкөлөрдөн көчүп келген этникалык казактар – кайрылмандар менен кандаштар жайгаштырылууда.

Быйыл жыл башында Казакстандын Эмгек министрлиги кайрылмандар менен кандаштарды кабыл алуу боюнча аймактык квоталар көбөйтүлгөнүн билдирген. Ага ылайык, эң көп квота Павлодар облусуна берилген – 3 773 киши. Былтыр бул облуста квота 3 600дү түзгөн. Жалпысынан 2023-жылы кандаштар менен кайрылмандарды кабыл алуунун аймактык квотасы 8 652 киши деп белгиленген. Бул былтыркыга салыштырмалуу 566га көп.

Казакстандын Эмгек министрлиги 2023-2027-жылдарга карата өлкөнүн миграциялык саясатынын концепциясын кабыл алган. Анда жарандарды өлкөнүн түндүк жана борбордук бөлүктөрүнө көчүрүү механизмдери каралып, аны ишке ашыруу үчүн иш орундары түзүлүп, иштеп жаткан бизнес-долбоорлор кеңейтилиши керек.

Казакстанда 2017-жылдан бери жарандарды түштүк аймактардан түндүккө "өз ыктыяры менен көчүрүү" программасы иштеп келет. Андан бери миңдеген үй бүлө жер которду. Бирок жергиликтүү басылмалар акыркы бир нече жылдан бери "жумушчу күчү көп" аймактардан тургундар көчүп барган облустардын калкы кыскарганын жазууда. ЖМКлар бул программаны ийгиликтүү ишке ашырууга тоскоолдук кылган факторлор катары турак жай табуудагы, ишке орношуудагы кыйынчылыктар жана инфраструктуранын өнүкпөгөнүн аташкан.

2022-жылы күзүндө Казакстандын бийлиги жарандарды "жумушчу күчү көп" аймактардан "жумушчу күчү жетишсиз" аймактарга көчүрүү программасын кайра карап чыгуу ниетин билдирген. Анда Эмгек министрлиги көчүп барган эмгекке жарамдуу үй-бүлө мүчөлөрүн иш менен камсыз кылуунун деңгээли төмөн деген жыйынтыкка келген.

XS
SM
MD
LG