Ссылки доступа

Казак өкмөтү Петропавлдагы кол салуудан кийин мектептерде видеокамераларды көбөйтүүнү сунуштады


Үч окуучу жаракат алган Петропавлдагы окуядан кийин Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов билим берүү мекемелериндеги видеокамералардын санын көбөйтүүгө жана мектептердин кире беришинде көзөмөлдү күчөтүүгө чакырды.

"Мектептеги коопсуздук маселесине баарыбыз тынчсызданабыз. Көрүп отургандай, мектептин ичинде да ар кандай жагдай болот. Коопсуздук маселесин да карап, бардык окуу жайларды текшерүү жөндүү. Видеокамераларды көбөйтүп, кире бериште көзөмөлдү күчөтүү керек", - деди Смаилов.

Анын айтымында, Агартуу министрлиги Ички иштер жана Өзгөчө кырдаалдар министрликтери менен бирге балдарга арналган коопсуздук сабактарын өткөрүүгө даярдык көрүүдө.

2021-жылы Татарстандын Казан шаарындагы мектепте окуучу тогуз кишини атып өлтүргөндөн кийин да Казакстандын өкмөтү ушуга окшош демилге көтөргөн.

13-февралда Казакстандын Петропавл шаарында 9-класстын окуучусу өзү окуган №4 орто мектепке балта жана бычак алып барып, үч курдашын жарадар кылган. Баштапкы маалымат боюнча өспүрүм психиатрдын каттоосунда турган.

Күбөлөрдүн айтымында, 9-класстын окуучусу алгач экинчи кабаттагы ажаатканага кирип, беткап кийген соң далисте бараткан 9-10-класстарда окуган эки бала менен бир кызга кол салган. Аны жогорку класстын окуучулары менен мугалимдер кармашкан.

Жаракат алгандардын бири медициналык кароодон өткөндөн кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү, экөө балдар ооруканасында дарыланууда.

XS
SM
MD
LG