Өзбекстандын Башкы прокуратурасы маалымдагандай, кылмыштын курамы болбогондугуна байланыштуу жоокердин өлүмү боюнча кылмыш иши козголгон жок.
Тергөөнүн маалыматына караганда, Имамов 11-январда аскер бөлүгүнүн эс алуу бөлмөсүнө кирип, текчедеги аскердик автомат менен өзүн ээкке атып өлгөн.
Имамовдун жакындары ал өзүн өлтүргөнүнө ишенбей жатышат. Алардын айтымында, жоокердин денесинде кыйноонун белгилери болгон: бети-башында көгала тактар калып, эки тиши сынган. Миржалолдун апасы уулу өлгөндөн кийин бир нече жоокер кармалганын айтып, алар уулун өлтүрө сабаган болушу мүмкүн деп божомолдоодо.