Бул тууралуу түркиялык Anadolu агенттиги билдирди.
Гуманитардык жүктө 45 тонна медикамент, 8 тонна азык-түлүк, 90 тонна буюм: кийим, бут кийим, жууркан-төшөк, гигиена каражаттары бар. Ошондой эле 130 генератор, 700 электр жылыткыч жана башка керектүү предметтер чогулган.
Бул арада каржылай жардам көрсөтүү үчүн акча чогултуу уланууда.
Өзбекстандык ашпозчулар беш миң кишиге ысык тамак таратышы.
Зилзала болгон жерде өзбекстандык 100 куткаруучу жана 71 медицина кызматкери, ыктыярчылар иштеп жатат.
6-февралда Түркия жана Сириянын аймагында болгон 7,8 баллга жеткен зилзалада 40 миңге жакын адам набыт болуп, он миңдеген киши жараат алды.