Ссылки доступа

Тажикстанда белгилүү журналист зороастризм динин жандандырууга ниеттенүүдө (видео)


Абдулкодир Талбаков намерен возродить и зарегистрировать общество зороастрийцев Таджикистана
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:49 0:00

Белгилүү тажик журналисти, Душанбедеги Лохути китепканасынын директору Абдулкодир Талбаков Тажикстанда зороастризм динин туткандардын коомчулугун кайра түптөп, расмий түрдө каттоодон өткөрүүгө ниеттенүүдө.

Бул тууралуу ал Тажикстанда белгилүү динаятчы Одинашох Курбоновду жерге берүү зыйнаты учурунда билдирди. Одина Шохи аты менен белгилүү адам зороастризмди жактай турганын жашырчу эмес. Ал 9-февралда 92 жашында дүйнөдөн өттү.

“Биз демократиялык коом түзүп жатабыз. Тажикстандын Конституциясы ар бир адамга динге болгон мамилесин өз алдынча аныктоого, каалаган динин тутууга жол берет”, - деди Абдулкодир Талбаков. Анын айтымында, дүйнөдө 200 миңдей киши зороастризмди жактайт. Алардын 60 миңи Индияда.

Тажикстанда расмий түрдө зороастризм диний бирикмеси жок. Анын жолун жолдоочулар бул динди тута турганын ачыкка чыгарышпайт. Буга 2001-жылы Душанбеде “Маздоясно” илимий-маданий бирикмесинин жетекчиси Рудаки Самадинин киши колдуу болуп өлгөнү себеп болгон.

Ушул тапта Тажикстанда зороастризмди жактоочулардын саны канча экени белгисиз.

XS
SM
MD
LG