Ссылки доступа

"Вагнер" аркылуу Украинадагы согушка кеткен кыргыз жаранынын сөөгү алып келинди


Кыргызстандын жараны, Лейлек районунун тургуну Замир Чолоев Украинадагы согушта каза болгонун маркумдун жакындары "Азаттыкка" ырасташты.

Аны тааныгандар Чолоев Орусияда абакта отурган жана "Вагнер" аркылуу согушка тартылганын айтып жатышат. Туугандары маркумдун сөөгү Кыргызстанга алып келингенин, бүгүн, 15-февралда тажыясы болорун билдиришти.

Замир Чолоев тууралуу азырынча башка маалымат айтыла элек.

22-январда Орусияда абакта отурган кыргызстандык Аян Алишеров Украинадагы согуштан каза тапканы белгилүү болгон. Украинанын Бахмут шаарына жакын салгылашта 24-ноябрда каза болгон 30 жаштагы Аян орус жарандыгын алган эмес. Ушу тапта Орусиядагы "Вагнер" жеке аскердик компаниясы абактагыларды Украинадагы согушка жапырт тартып жатканы кабарланууда. Кыргызстандык канча атуул мындай окуяга кабылганы белгисиз.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Москвадагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда Орусияда миңден ашуун кыргыз жараны камакта отурат, алардын көбү маңзатка байланыштуу кесилген.

Орусия Украинага былтыр 24-февралда кол салган. Кыргызстан эки өлкөнүн ортосундагы окуя боюнча бейтарап макамды карманып келе жатат.

XS
SM
MD
LG