Ссылки доступа

Өзбекстандын үч облусунда жасалма акча жасоого шектелген алты киши кармалды


Өзбекстандын Жизак, Самарканд жана Бухара облустарында жасалма акча жасоого шектелген алты киши кармалды. Жизак облусунун ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, алар жасалма 462 миллион 400 миң сумду (40,5 миң доллар) жүгүртүүгө кое берген.

Жасалма акча жасагандардын бири 3-февралда пластик картага 4,3 миллион сум которууга аракет жасаган маалда кармалган.

Жизак облусунда баштапкы тергөөнүн жүрүшүндө дагы эки киши кармалган. Алардын бири самарканддык тургундан 18 миллион сумга 28 миллион сум контрафакт сатып алганын мойнуна алган.

Самаркандык тургун кармалгандан кийин, анын көрсөтмөсү боюнча Бухарада 100 миллион сумду 30 миллион сумга сатууга аракет жасаган дагы үч киши колго түшкөн.

XS
SM
MD
LG