Ссылки доступа

Тажикстанда SIM-карталарды кайра каттатуу мөөнөтү дагы бир жылга узартылды


Тажикстанда SIM-карталарды 2014-жылкы үлгүдөгү ID-паспорттор менен кайра каттатуу мөөнөтү 2024-жылдын 15-февралына чейин узартылды. Бул тууралуу өлкөнүн ички иштер министри Рамазон Рахимзода билдирди.

Анын айтымында, SIM-карталарды кайра каттатуу мөөнөтүн дагы бир жылга узартуу тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) сунушун президент Эмомали Рахмон колдоду.

Эки жума мурда Тажикстандын Байланыш кызматы уюлдук операторлордун 2 миллиондон ашык абоненти SIM-карталарын жаңы үлгүдөгү ID-паспорттор менен каттата электигин билдирген. Анда катталбаган SIM-карталардын 882 миңи активдүү пайдаланылып жатканы кабарланган.

Тажикстанда жаңы үлгүдөгү ID-карталар жарандарга 2014-жылдан тарта бериле баштаган. 2019-жылы бийлик 1999-жылкы үлгүдөгү паспорттор SIM-карталарды каттоодон өткөрүүгө жарабай турганын билдирип, жарандарды 2020-жылдын 15-февралына чейин номурларын кайрадан каттоого чакырган. Бирок андан бери бул мөөнөт эки жолу узартылган – алгач 2022-жылдын 15-февралына, кийин 2023-жылдын 15-февралына чейин.

Байланыш кызматынын маалыматына караганда, өлкөдө мобилдик операторлордун 8,3 миллион абоненти болсо, бүгүнкү күндө алардын 6,4 миллиону активдүү колдонуучу болуп эсептелет.

XS
SM
MD
LG