Ссылки доступа

Тажикстанда "ИМ" тобунун жоочусу 21 жылга соттолгону белгилүү болду


Парвиз Саидрахмонов ("Абу Довуд"). Архивдеги сүрөт
Парвиз Саидрахмонов ("Абу Довуд"). Архивдеги сүрөт

“Ислам мамлекети” тобунун жоочусу, “Абу Довуд” ысымы менен белгилүү Парвиз Саидрахмонов 21 жылга катаал режимдеги колонияга соттолду.

Бул тууралуу 16-февралда өткөн маалымат жыйынында Жогорку соттун өкүлдөрү билдирди. Өкүм 2022-жылы ноябрда чыккан.

Буга чейин өз булактар Тажикстандын Башкы прокуратурасы “Абу Довудду” өмүр бою эркинен ажыратууну сураганын кабарлашкан. Парвиз Саидрахмоновдун соту жабык режимде өткөн.

Парвиз Саидрахмонов экстремизм, киши өлтүрүү, кишилерди барымтага алуу, чет өлкөнүн аймагында согуштук аракеттерге катышууга азгыруу жана террордук уюм түзүү айыптары боюнча күнөөлүү деп табылды.

Тажикстандын бийлиги Парвиз Саидрахмонов "ИМ" тобунун эң кооптуу үгүттөөчүлөрүнүн бири экенин билдирген. Маалыматка караганда, ал ИМдин катарына 200дөн ашык кишини азгырган. Жакындарынын айтымында, Саидрахмонов Орусияда иштеп жүрүп, ал жактан Иракка барып, террордук уюмдун жоочуларына кошулуп кеткен.

Парвиз Саидрахмоновду түрк аскерлери кармашкан. Тажикстанга ал 2022-жылы сентябрда экстрадицияланган.

Тажик бийлигинин маалыматына караганда, 2013-2015-жылдары "ИМ" тобунун катарына кошулуу үчүн 2 миңге жакын жаран өлкөдөн чыгып кеткен. Алардын бир канча жүзү Сирия менен Ирактагы согуштук аракеттер маалында каза болсо, айрымдары мекенине кайтып келгенден кийин мунапыс менен жазадан бошотулуп же узак мөөнөттөргө соттолушкан.

XS
SM
MD
LG