Ссылки доступа

Казакстандык миллионер Кеңес Ракишев Рублёвкадагы хансарайын сатыкка койду


Казакстандык миллионер Кеңес Ракышев Подмосковьедеги 841 чарчы метрлик үйүн сатыкка койду. Бул тууралуу Телеграмдагы "Выход к морю" каналы билдирди.

Орусиялык кыймылсыз мүлк агенттиги чыгарган жарыя азыр ачылбай калды. Бирок NF Group компаниясынын өкүлдөрү бул үй сатыкта экенин тастыкташты.

­"Жарыя сайттан мүлк ээсинин өтүнүчү менен алынды. Бирок үй сатылат деген чечим өзгөргөн жок", - деди өзүн Михаил Бурыкин деп тааныштырган NF Group кыймылсыз мүлк агенттигинин кызматкери. Анын айтымында, үйдүн баасына эмеректер жана техника да кирет.

69 сотых жерде жайгашкан эки кабаттуу коттедждин баштапкы баасы 850 миллион рубль болсо, азыр 670 миллион рублге түшкөн.

Үй Москванын эң кымбат районунда – Рублево-Успенское шоссесинде жайгашкан. Кыймылсыз мүлк агенттигинин маалыматына караганда, хансарайда үч уктоо бөлмөсү, бир нече зал, аянты 234 чарчы метр болгон жууна турган бөлмө, үч автоунаа бата турган гараж менен кызматкерлерге арналган бөлмө бар.

43 жаштагы Ракишев Казакстандагы эң бай он кишинин катарына кирет. Казакстандык Forbes басылмасынын маалыматы боюнча анын байлыгы – 960 миллион доллар. Анын инвестициялык жана камсыздандыруу компанияларында үлүшү бар. Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров менен тыгыз байланышы бар экени да айтылып келет.

2021-жылы Улуу Британиянын парламенти глобалдык антикоррупциялык санкциялар жөнүндө мыйзам кабыл алган. Британ парламентинин мүчөсү Маргарет Ходж бул мыйзамды "калкынын байлыгын уурдаган казак олигархтарына каршы да колдонууну" өтүнгөн. Ал 28 кишинин атын атаган. Арасында Кеңес Ракишев да болгон.

XS
SM
MD
LG