Ссылки доступа

Оккупацияланган Запорожье облусунда өзбек жана тажик мигранттары айлыктарын толук ала албай жатышат


Орусия оккупациялап алган Запорожье облусунда окопторду куруп иштеген өзбек жана тажик мигранттарынын тобу айлыктары толук берилбегенине даттанышты. Бул тууралуу Baza телеграм-каналы кабарлады.

Маалыматка караганда, Өзбекстандан жана Тажикстандан барган 33 мигрантка бир окоп үчүн 800 миң рубль убадаланган. Окоптор трактор менен казылып, жумушчулар аларды устундар менен бекемдешкен.

Аминжон аттуу тажикстандык мигранттын айтымында, жумушту аяктагандан кийин аларга бир окоп үчүн болгону 595 миң гана рубль төлөшкөн.

"Акчаны бизди жумушка жалдаган Сергей Евгеньевич деген кишиден талап кылып жатабыз. Азыр жумушчулардын бир бөлүгү Москвага кайтып келе алган жок. Кимдир бирөө аппендицит болсо, башкасы колунан жараат алды. Бирок аларга тыңгылыктуу медициналык жардам көрсөтүлгөн жок", – деди Аминжон.

Ал Москвага кайтып баргандан кийин полицияга арыз менен кайрылган. Арыз берилгенден кийин Аминжонго белгисиз номурлардан телефон чалып, коркутуулар башталган.

"Белгисиз адамдар менден арызымды кайра алышымды талап кылып, болбосо келип жазалай тургандыктарын айтып коркутуп жатышат", – деди ал.

"Аминжондо Сергей Евгеньевич тууралуу башка эч кандай маалымат жок. Жумушка киришип жатканда алар эч кандай келишимдерге кол коюшкан эмес. Мигрант өтө коркуп калгандыктан, үйдөн чыга албай отурат", – деп жазды Baza.

Маалыматка караганда, ушундай эле арыз менен полицияга дагы үч тажикстандык жумушчу кайрылган.

XS
SM
MD
LG