Ссылки доступа

Казакстандык укук коргоочу: Нукус окуясы учурунда өлгөндөрдүн так саны жарыяланган эмес


20-январда Алматыда Нукустагы окуя менен камактагы каракалпак активисттерине арналган маалымат жыйынында укук коргоочу Галым Агелеуов Өзбекстанга жасаган сапарынын кортундусун жарыялады.

Укук коргоочунун айтымында, өлгөндөр расмий жарыяланган сандан алда канча көп.

“Азыркы күнгө карата 50 кишинин аты-жөнү менен дареги аныкталган, өздүгү тактала электер да бар. Өзбекстан өкмөтүнөн, Башкы прокуратурасынан, адам укуктары боюнча комиссиясынан маалымат сурайбыз. Адам укуктары басмырланган фактыларды аныктоо керек”, - деди ал.

Агелеуовдин пикиринде, мамлекеттин жана укук коргоочулардын милдети – адам укуктары бузулган учурларды аныктоо, өлгөндөрдүн, жараат алгандардын жана дайынсыз жоголгондордун санын так жарыялоо.

Маалымат жыйынында Өзбекстандагы конституциялык өзгөрүшкө каршы нааразылыкка чыкканы үчүн 16 жылга соттолгон журналист Даулетмурат Тажимуратовдун адвокаты менен карындашы Мария Тажимуратова өкүмгө наарзы экенин билдирди.

“Мен агамдын Бухарада өткөн сотуна катышкам. Ал өзүн толугу менен актаган, билбей, эмне үчүн аны 16 жылга соттошту”, - деди Мария Тажимуратова.

Нукус окуялары боюнча алгачкы сот жараяны быйыл 31-январда Бухара шаарында аяктап, айыпталуучуларга карата өкүмдөр чыккан. Сот негизги айыпталуучу деп эсептелген Даулетмурат Тажимуратовду 16 жылга эркинен ажыраткан. Дагы 17 киши үч жылдан 8,5 жылга чейинки мөөнөттөргө соттолуп, алардын төртөө сот залынан бошотулган.

Былтыр 1-2-июлда Каракалпакстандын борбору Нукуста жергиликтүү тургундар Өзбекстандын Конституциясынан жумурияттын суверендүүлүгү тууралуу беренени алуу сунушуна каршы чыгышкан.

Митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 21 киши каза тапканын, 243 адам жараат алганын кабарлаган. 500дөн ашуун киши кармалган.

XS
SM
MD
LG