Ссылки доступа

Кыргызстан Өзбекстандан мал жана эт ташууга уруксат берди


Өзбекстандан Кыргызстандын аймагына мал жандыктарды жана эт ташып келүүгө киргизилген убактылуу чектөө алынды. Бул тууралуу "Азаттык"Айыл чарба министрлигине шилтеме берүү менен кабарлады.

Мындан сырткары АКШдан Кыргызстанга канаттууларды жана канаттуулардын этин алып келүүгө убактылуу чектөө да жоюлду.

Айыл чарба министрлигинин алдындагы Ветеринардык кызмат Өзбекстанга жана АКШга байланыштуу чектөө чараларын былтыр сентябрь айында киргизген.

Ушул тапта башка мамлекеттерден азык-түлүк ташып келүүгө байланыштуу дагы бир нече убактылуу чектөө сакталып турат. Анын ичинде Орусиянын Оренбург облусунан шарп ылаңына кабылган мал жандык жана андан алынган азыктарды, Бурятия, Башкортастан субъектилеринен (РФ) дерматитке чалдыккан мал азыктарын ташып келүүгө тыюу салынган.

Казакстандын Караганды облусунан ылаңдаган малдын азыктарын, Индиянын үч штатынан нодулярный дерматитке сезгич мал жандыктардан алынган азыктарды алып келүүгө чектөө бар. Ооганстандан дээрлик бардык жаныбарларды жана Монголиядан бодо мал менен кой-эчки ташып келүүгө чектөө киргизилген. Бул чаралар былтыр ар кайсы убактарда кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG