Ссылки доступа

Түркияда кайрадан жер титиреди


20-февралда Түркияда жергиликтүү убакыт боюнча саат сегиз чамасында магнитудасы 6,4 жана 5,8 балл болгон эки жер силкинүү катталды. Зилзаланын очогу Сирия менен чектеш Хатай провинциясында орун алды. Жер тиртирөө Сирия, Ливан, Иордания, Ирак, Палестина жана Израилде да сезилди.

Түркиянын ички иштер министри Сүлеймен Сойлу 20-февралдагы жер титирөөдөн кеминде үч киши өлүп, 213 адам жаракат алганын кабарлады. Кыйраган имараттар да бар.

Түркиянын Өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюу башкармалыгы (AFAD) адегенде зилзала катталган аймактагы жарандарга жээктерде цунами болорун эскертип, кийин коркунуч жок экенин жарыялады.

6-февралда Түркия менен Сирия чектешкен аймакта күчү 7,5-7,8 баллга жеткен жер титирөөдөн өлгөндөрдүн жалпы саны 47 миңге чамалады, жараат алгандар 115 миңдей болууда.

XS
SM
MD
LG