Ссылки доступа

Садыр Жапаров Дубайдагы жолугушуу тууралуу айтып берди


Кыргызстандын мурдагы жана азыркы президенттеринин Дубайдагы жолугушуусу тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине маек курду.

Ал мурдакы президенттерди Дубайга чогултардан мурда Бишкекте "Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевди элдештиргенин" билдирген. Ошондой эле Дубайдагы жолугушууга келген мурдагы президенттерге ал жерге башка да мурдагы президенттер келээри тууралуу алдын ала эскертилбегенин ырастады.

"Бири-бирине айткан жокпуз. Бул чындык. Айтсак айрымдары келбей коет эле" деди президент.

Садыр Жапаров аларды чогултуу максаты "ынтымакка алып келүү" болгонун, жолугушууда муну баары кубатташканын, жолугушуу 4 саатка жакын созулганын айтты. Ошондой эле ал коомчулукта Курманбек Бакиев боюнча айтылып жаткан сын-пикирлерге жооп берип, "Бакиевге соттун чечими бар экенин, келсе камакта олтурушу керектигин" белгиледи.

"13 жылдан бери Беларуска биздин Башкы прокуратура "бизге өткөрүп бергиле" деп 4 жолу суроо-талап жөнөткөн экен. 4 жолу тең баш тартышкан. Менин жолугушуум боюнча айтсам, биздин Баш мыйзамыбыз эң жогорку мыйзам. Мыйзамдардын атасы. Баш мыйзамдын 66-беренесинин 2 пунктунда "Президент элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигин камсыз кылат" деп милдеттендирип турат. Мен милдетимди аткарып жатам. Ал эми жоопко тартылуусу боюнча болсо, ар бир адам Кудай алдында, тарых алдында, мыйзам алдында өзүнүн күнөөсү үчүн жооп берет", - деген Жапаров.

18-февралда президент Садыр Жапаров мурдагы президенттердин башын бириктирип, бир столго отургузганын Фейсбук баракчасына жазган. Мындай кадамга эл-жердин ынтымагын ойлогону үчүн бардым деп түшүндүргөн. Социалдык түйүндөргө комментарий жазгандар мурдагы президенттер арасынан Бакиев гана өлкөгө келе албай жүргөнүн, Дубайдагы жолугушуудан кийин ага жол ачылышы ыктымал экенин белгилешкен.

Буга чейин Алмазбек Атамбаев өлкөнүн мурдагы жана азыркы президенттеринин жолугушуусу тууралуу билдирүү тараткан. Атамбаев "Өлкөдө тынчтык жана биримдик орнотуу менен Бакиевди Кыргызстанга кайтаруу - эки башка нерсе. Бул экөөнү бириктирүү таптакыр башка жыйынтык берет. Көп кан төгүлгөн, аны унутуу мүмкүн эмес. Президент Садыр Жапаров мени укту жана туура чечим чыгарат деп үмүттөнөм", - деп жазган.

Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин өлкөнүн мурдагы жана азыркы президенттеринин жолугушуусун тарыхый окуя катары сыпаттап, мамлекеттүүлүктү бекемдей турган аракет деп билдирген эле.

20-февралда президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Фейсбукта билдирүү таратып, жолугушууда "мурдагы президенттердин кайсыл бирин мыйзам жоопкерчилигинен бошотуп, аларды өлкөгө кайтарып келүү жөнүндө сөз айтылган жок", - деп билдирди.

2010-жылы 7-апрелде Кыргызстанда кезектеги ыңкылап болгон. Ошол кездеги президент Курманбек Бакиевди үй-бүлөлүк, кландык-криминалдык башкарууга айыптаган митингдер өтүп, натыйжада 90дой адамдын өмүрү кыйылган. Бакиев үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кетип, ошондон бери Беларуста жашап келет.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча Курманбек Бакиевдин жеке өзүнө жана жакындарына каршы он чакты факт боюнча айып тагылган, мурдагы президент өзү сыртынан жалпысынан 30 жылга эркинен ажыратылган. Башкы айып 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкектин Ала-Тоо аянтында адамдар өлтүрүлүп, жараат алганы боюнча. Иниси Жаныш Бакиев жана кенже уулу Максим Бакиев Апрель окуясы үчүн өмүрүнүн аягына чейин кесилген. Тун уулу Марат Бакиев 30 жылга соттолгон. Бакиевдер коюлган айыптарды четке кагып келишет.

XS
SM
MD
LG