Ссылки доступа

Зеленский: Эгер Кытай Орусиянын союздашына айланса, жаңы дүйнөлүк согуш башталат


Украинанын президенти Владимир Зеленский
Украинанын президенти Владимир Зеленский

Эгер Кытай Орусиянын союздашы болуп калса, анда жаңы дүйнөлүк согуш башталат. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский 20-февралда Die Welt немис басылмасына берген маегинде билдирди.

"Биз үчүн бул согушта Кытайдын Орусияны колдобогону маанилүү. Чынында анын биз тарапта болушун каалайт элем, бирок азыр андай болот деп ойлобойм. Ошол эле маалда Кытайдын Украинада эмне болуп жатканына прагматикалык баа берүү мүмкүндүгүн көрүп турам. Эгер Кытай Орусия менен союздаш болуп калса, анда дүйнөлүк согуш чыгып кетет. Менин оюмча, Кытай да муну түшүнүп турат", – деди Зеленский.

Украин лидери Киев өзөктүк куралдан баш тартканда Кытай Будапешт меморандумуна кол коюп, Украинанын аймактык бүтүндүгүн сыйлоого милдеттенме алганын белгиледи.

Өз сөзүндө Зеленский коңшу Молдовадагы кырдаалга да токтолуп, эгер Орусия эл аралык коомчулук тааныбаган Приднестровьени дагы бир фронт ачуу үчүн колдонууга аракет кылса, Украина Кишиневго жардам берүүгө даяр экенин айтты.

"Майя Санду менден эч качан жардам сураган эмес, бирок биз берген маалыматтар үчүн ыраазычылык билдирген. Ал биздин абалды өтө жакшы билет. Украина ар дайым Молдовага жардам берүүгө даяр", – деди Зеленский.

Буга чейин Кишинев Украина менен чектешкен аймакта жаңы жаңжал тутандыруу үчүн Москва Молдовадагы саясий кырдаалды курчутууну каалап жатканын билдирген. Апта башында Орусиянын президенти Владимир Путин Молдованын бул айыптоосуна жооп берип, молдован өкмөтүн русофобияга айыптады.

19-февралда АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Вашингтон "Кытайдын Орусияга кандай гана колдоо көрсөтүүсү болбосун, бул Бээжин менен болгон мамилелерге олуттуу кесепеттерин тийгизерин эскерткенин" билдирген.

"Бизде Кытай Украинадагы согуштан пайдалануу үчүн Орусияга жардам берүү мүмкүндүгүн караштырып жатканы тууралуу маалыматтар бар", – деп кошумчалаган Блинкен NBC телеканалына берген маегинде.

Буга жооп катары Кытай ТИМинин басма сөз катчысы Ван Вэньбинь АКШ кытай-орус мамилелери боюнча Бээжинге талаптарды койбошу керектигин айткан.

"Биз басымды же мажбурлоону кабыл албайбыз", – деп белгилеген Вэньбинь.

Ал арада Москва Кытайдын тышкы иштер министри Ван Инин Орусияга сапарына даярдык көрүүдө. 20-февралда Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Кытай ТИМинин башчысы Путин менен да жолугушу мүмкүн экенин билдирген. "Күн тартиби түшүнүктүү жана кыйла кеңири. Сүйлөшө турган сөздөр бар", – деген Песков.

Украинага кол салгандан кийин Орусияга салынган эл аралык санкцияларга Кытай кошулган эмес. Бир жылдын ичинде Москва менен Бээжиндин ортосундагы товар алмашуу көлөмү кыйла өстү – бул аралыкта Кытай орус энергоресусртарынын эң негизги экспортерлорунун бирине айланды.

XS
SM
MD
LG