Ссылки доступа

Путин Орусиянын Түштүк-Чыгыш Азия базарларына Казакстан аркылуу чыгуу планы бар экенин айтты


21-февралда Орусиянын президенти Владимир Путин Федералдык кеңешке кайрылуу жасап жатып, Москва Казакстан жана Каспий деңизи аркылуу Түштүк-Чыгыш Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн базарларына чыгууга ниеттенип жатканын билдирди. Бул тууралуу кремлчил Sputnik.kz агенттиги кабарлады.

"Келечектүү тышкы экономикалык байланыштарды кеңейтип, жаңы логистикалык коридорлорду түзөбүз. Жогорку ылдамдыктагы Москва – Казан автомагистралын Екатеринбургга, Челябинскке жана Тюменге чейин узартуу чечими кабыл алынды. Келечекте аны Иркутск менен Владивостокко чейин жеткирип, ал аркылуу Казакстанга, Монголияга жана Кытайга чыгып, Түштүк-Чыгыш Азия базарлары менен экономикалык байланыштарыбызды кыйла кеңейтүү зарыл", – деди Путин.

Мындан тышкары ал "Кара жана Азов деңиздериндеги портторду өнүктүрүү" пландалып жатканын айтып, "өлкөнүн ичиндеги логистикалык коридорлорду жөндөө" жана оккупацияланган Крымга кургактык аркылуу коридор түзүү зарылыгын белгиледи.

"Өзгөчө көңүл эл аралык "Түндүк – Түштүк" коридоруна бурулат. Быйыл Волго-Каспий каналы аркылуу 4,5 метрден кем эмес долбоорлонгон кемелер өтө баштайт. Ал Индия, Иран, Пакистан жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү менен кызматташуу үчүн жаңы коридорлорду ачат. Биз бул коридорду андан ары да өнүктүрөбүз", – деди Путин.

Казакстан Орусиянын Украинага кол салуусун расмий айыптаган эмес, бирок Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдогон. Ошол эле маалда Астана бир канча жолу өлкөнүн аймагын санкцияларды кыйгап өтүү үчүн колдонууга жол бербей турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG