Өлкөнүн Инвестициялар боюнча мамлекеттик комитети абалды калктын "каржы сабаттуулугунун жоктугу" менен түшүндүрүүдө.
Аткаминерлер быйыл ишкерлер менен инвесторлорго көптөгөн жеңилдиктер берилип, текшерүүлөрдүн саны 27ден 23кө кыскартылганын билдирүүдө.
Ишкерлер болсо жеңилдиктер анчалык деле таасир бербегенин, анткени "алар тиешелүү деңгээлде сакталбай, толук көзөмөлдөнбөй жатканын" айтууда.
Кулябдык ишкер Исмаил Идрисов буйрутма берүүчүлөрдүн, анын ичинде мамлекеттик мекемелердин күнөөсүнөн улам 15 жылдан бери иштеп келген керамика заводун жабууга аргасыз болгонун билдирди.
Анын айтымында, жергиликтүү бийлик ага ондогон миң сомони карыз. Ишкер банкка болгон карызы көбөйүп, банкрот болуунун алдында турганына карабастан, салык төлөп жатканын кошумчалады.
"Кулябды Бахром Иноятзода башкарып турган маалда шаардын дарбазаларын оңдогонбуз. Бул үчүн бизге акча төлөбөй коюшкан. Биз прокуратурага кайрылып, калаа башчысы кармалган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин акыбызды төлөп берүү маселеси ачык бойдон калууда", – деди Идрисов.
Шаардын Каржы департаменти ишкердин бул айыптоолорун четке кагууда.
Учурда Тажикстанда 340 миңге жакын киши ишкерлик менен алектенет. Алардын ичинде Исмаил Идрисов сыяктуу жүздөгөн ишкер көптөгөн кыйынчылыктарга кабылып, бизнесин жабуунун алдында турушат.