“Озоди” радиосунун Восе райондук прокуратурасындагы өз булагы Худоёрзодага карата “Ыйгарым укуктарынан аша чабуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.
7-февралда өткөн маалымат жыйынында журналисттер Алихон Худоёрзодадан жер тилкелерин мыйзамсыз берүү боюнча көптөгөн даттануулар жөнүндө сурашкан. Аткаминер даттанууларды “негизсиз” деп атаган.
Аймактын көптөгөн жашоочулары район акиминин чечимине карабай, жылдар бою жер тилкелерин ала албай жатышканын, жер жең ичинен сатыларын айтып келишет.