Маалыматка караганда, "Казтрансойл" компаниясынын заказы менен мунай куурун айланып учуп жүргөн тик учакта беш экипаж мүчөсү жана эки жүргүнчү болгон.
Мурдараак жергиликтүү басылмалар өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин расмий өкүлүнө шилтеме кылып, "борттогулардын бардыгы аман калганын" жазышкан.
Облустун саламаттык сактоо башкармалыгы жабыркагандар шаардык ооруканага жеткирилгенин билдирди.
Жарандык авиация комитети кабарлагандай, 2022-жылы өндүрүлгөн Ми-8АМТ тик учагы "Казавиаспас" акционердик коомуна таандык. ӨКМдин маалыматына караганда, тик учак быйыл январда кезектеги техникалык тейлөөдөн өткөн.