Ссылки доступа

Украинадагы согушта каза болгон дагы төрт тажикстандыктын сөөгү мекенине жеткирилди


Согушта каза болгон Фатхулло Нарзуллоевдин үй-бүлөсү
Согушта каза болгон Фатхулло Нарзуллоевдин үй-бүлөсү

Орусиянын абактарынан Украинадагы согушка жөнөтүлгөн дагы төрт тажикстандыктын сөөгү мекенине жеткирилди. Бул тууралуу "Озоди" радиосу кабарлады.

Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы Ванж районунун 49 жаштагы тургуну Набимухаммад Бачгонов Украинада 20-январда каза болгон. Анын сөөгү мекенине бир айдан кийин жеткирилди. Жакындарынын айтымында, Бачгонов көп жыл Новосибирск шаарында жашап, 2017-жылы мыйзамсыз маңзат сатуу айыбы менен 12 жылга соттолгон. Анын орус жарандыгы болгон эмес. Үч ай мурда Иркутск шаарындагы абактан согушка жөнөтүлгөн.

"Озоди" радиосу өз булактарына таянып, бир жума мурда Ванж районуна Украинадагы согушта каза болгон дагы бир тажикстандыктын сөөгү жеткирилгенин кабарлады. Учурда анын аты-жөнү жана кандай жагдайда өлгөнү тууралуу маалыматтар такталууда.

Эки жума мурда Тажикстандын Гиссар шаарынын жака белиндеги айылда Украинадагы согушта каза болгон 52 жаштагы Фатхулло Нарзуллоевдин сөөгү жерге берилген. Жакындарынын айтымында, ал өткөн жылы июнь айында Екатеринбург аэропортунда кармалган. Ал абакка камалгандан үч ай өткөндөн кийин Украинадагы согушка жөнөтүлүп, быйыл 12-январда Бахмут шаарына жакын жерде каза болгон.

"Аны менен акыркы жолу өткөн жылы октябрда телефондо сүйлөшкөм. Ал мажбурлап согушка жөнөткүлөрү келип жатканын айткан", – деди Нарзуллоевдин жубайы Фатхулло Нарзуллоева.

Эки жума мурда Гиссар шаарына жакын жайгашкан Чукурак айылына Украинада өлгөн 47 жаштагы Аловиддин Мухриддиндин сөөгү жеткирилген. Жакындары ал акыркы он жылдан бери Орусиядагы абактардын биринде жаза мөөнөтүн өтөп жатканын, үч ай мурда согушка жөнөтүлгөнүн айтышкан.

Тажикстандын бийлиги өз жарандарынын Украинадагы согушта каза болуп жатканы боюнча комментарий бере элек.

"Озоди" радиосу бүгүнкү күнгө карата Орусиянын абактарынан Украинадагы согушка жөнөтүлгөндөн кийин каза болгон 14 тажикстандыктын өлүмүн ырастады. Орусиянын эки жыл мурдагы статистикасына ылайык, бул өлкөнүн түзөтүү жайларында 10 миңге жакын тажик жараны камакта отурат.

XS
SM
MD
LG