Бул көрүстөндө табылган борбор азиялыктардын баарын "Вагнер" компаниясынын өкүлдөрү орус түрмөлөрүнөн азгырып, Украинадагы согушка алып кетишкен.
Көрүстөндө орнотулган жыгач такталарда 2022-жылдын октябрь айынан кийин өлгөн кишилердин аты-жөнү жазылган.
Арасында бир нече өзбекстандык, кыргызстандык жана тажикстандыктар бар.
Маселен, "Маврино" көрүстөнүндө төмөндөгү кишилердин аты-жөнү жазылган такталарды көрүүгө болот:
Саидов Муродбег Султонбегович (05.04.1986 – 27.11.2022);
Айдралиев Аман (27.08.1982-24.10.2022);
Жанибеков Боходир Буранович (19.08.1977-11.01.2023);
Гуламжанов Адахамжон Улукманжанович (16.09.1994-19.11.2022);
Авазов Эркин Садинович (20.12.1967-01.12.2022);
Юсупов Шухрат Адилжанович (07.04.1978-23.12.2022).
"Оздолик" алардын айрымдарынын аты-жөнүн тактады.
46 жаштагы Боходир Жанибеков Өзбекстандын Жизак облусуна караштуу Пахтакор районунда туулган. Ал Екатеринбургда жашап, иштеп жүргөн.
Адахамжон Гүламжанов кыргызстандык болгон. "Оздолик" жазгандай, ал 2019-жылы түрмөгө камалганга чейин Владимир шаарында жашаган.
2019-жылы Владимир облустук соту Гүламжановду ири өлчөмдө маңзат сатуу айыбы менен 12 жылга катаал режимдеги түрмөгө кескен.
"Оздолик" аныктаган дагы бир кыргызстандык Аман Айдралиев 2020-жылы июнда Людинов райондук соту аны денеге оор зыян келтирүү айыбы менен узак мөөнөткө эркинен ажыраткан.
37 жаштагы тажикстандык Муродбек Саидов 2020-жылы орус түрмөсүнө түшүп, 2022-жылы ноябрдын соңунда өлгөн.
45 жаштагы Шухрат Юсупов да "вангерчилердин" көрүстөнүнө көмүлгөн. Ал 2022-жылы июлда соттолуп, ушул эле жылы декабрда каза болгон.
Жергиликтүү жашоочулар "Маврино" көрүстөнүн жарандык форма кийген кишилер кайтарарын, бирок алар өздөрүн аскер кызматкерлери деп атай турганын билдиришти.