Ссылки доступа

Казакстан Украинадагы согушту жөнгө салуу боюнча Кытайдын "тынчтык планын" колдоду


Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Кытайдын Украинадагы согушту жөнгө салуу планы боюнча өз пикирин жарыялады.

Астана “Кытайдын мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн, көз карандысыздыгын жана суверендүүлүгүн жактаган позициясы колдоого арзый турганын” билдирди.

“Биз бул маселени эл аралык укук жана БУУнун Уставнын принциптеринин негизинде тынч жол менен чечүүдөн башка жол жок деп эсептейбиз”, - деп айтылат казак ТИМинин билдирүүсүндө.

Казакстандын тышкы саясий ведомствосу өз маалыматында Орусиянын Украинага карата баскынчылыгын, орус аскерлеринин жарандык жана энергетикалык инфраструктураларга жасаган чабуулун айыптаган эмес.

Өткөн аптанын соңунда Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Орусия менен Украинанын ортосундагы согушту токтотуу боюнча планын жарыялаган. 12 пункттан турган сунушта Кытай эл аралык мыйзамдардын жана БУУнун Уставынын принциптерине ылайык, бардык өлкөлөрдүн суверендүүлүгүн сыйлоого чакырган. Бээжин Москвага каршы санкцияларды токтотууга, жарандарды эвакуациялоо жана Украинадан данды үзгүлтүксүз экспорттоо үчүн жол ачып, Орусиянын коопсуздугу үчүн кепилдик берүүгө, өзөктүк куралды колдонууга каршы турууга үндөгөн.

Көптөгөн эксперттер жана Батыштын аткаминерлери бул планды ишенбестик менен кабыл алышты. Алар Бээжиндин Орусия менен алакасы бекемделип жатканын эске алып, Кытайдын тынчтыкка данакер боло аларынан күмөн санап жатышат.

XS
SM
MD
LG