Ссылки доступа

Түркмөнстанда аялдар 8-мартка карата президенттен 3 доллардан акчалай белек алышат


Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата өлкөдөгү ар бир аялга 60 манаттан акча берүүнү тапшырды.

60 манат өлчөмүндөгү акчалай белек аялдарга 1-6-март аралыгында салтанаттуу түрдө тапшырылат. 60 манат – өлкөнүн расмий курсу боюнча 17, көмүскө базардагы курс боюнча 3 АКШ долларын түзөт.

Президенттин атынан акчалай белекти мекеме-ишканаларда, уюмдарда иштеген кыз-келиндер, пенсия жана жөлөк пул алгандар, аспирантурада, докторантурада жана клиникалык ординатурада окугандар, студенттер, окуучулар жана бала бакчалардын тарбиялануучулары алат.

Былтыркы жылдын тажрыйбасын эске алганда, белек үй кожойкелерине, мектепте окубаган, бала бакчага барбаган кыздарга жана жеке ишканаларда иштеген кыз-келиндерге берилбейт.

Түркмөнстанда президенттин атынан кыз-келиндерге акчалай белек берүү аземи жыл сайын мамлекеттик телеканалдар аркылуу көрсөтүлөт.

Түркмөнстанда акчалай белек берүү салты өлкөнүн биринчи президенти Сапармурад Ниязовдун тушунда башталган. Бирок ал кезде аялдардын майрамы марттын аягына – Нооруз майрамын туштай жылдырылган. 8-март майрамын белгилөө 2008-жылы Гурбангулы Бердымухамедовдун бийлиги учурунда калыбына келтирилген.

XS
SM
MD
LG