Ссылки доступа

Казакстанда Бухара — Урал газ куурунун үчүнчү тилкеси курулат


Казакстандын Актөбө облусунда орусиялык Бухара – Урал газ куурунун үчүнчү тилкеси курула баштайт. Бул тууралуу облустун акими Ералы Тугжанов аймактын тургундары менен жолукканда билдирди.

"Биздин облус үчүн бүгүнкү күндө газ менен камсыз кылуу көйгөйү актуалдуу. Сырье жетиштүү, бирок азыркы иштеп жаткан түйүндөр аймакка керектүү көлөмдө газ жеткире албайт. Азыр бул маселени чечүүнүн бир жолу бар, Бухара – Урал магистралдык газ куурунун үчүнчү тилкесин куруу. Курулуш иштери быйыл башталат. Антпесек, биз облустун айылдарын газдаштыруу маселесин чече албайбыз", – деди Тугжанов.

Облус башчысынын айтымында, бул өтө чоң долбоор. Куурдун узундугу 162 чакырымды түзүп, жалпы баасы 43 миллиард теңгеге жетет.

Жергиликтүү бийлик быйыл аймактагы 12 айылды газдаштырууну убадалоодо.

Актөбө облусу газды эки магистралдык газ куурунан алат: Жанажол – Актөбө жана Бухара – Урал.

Казакстан аркылуу Өзбекстандан Орусияга бара турган Бухара – Урал газ түтүгүн орусиялык "Газпром" компаниясы көзөмөлдөйт жана тейлейт. Анын узундугу 4 500 чакырымды түзүп, бир жылдын ичинде 8 миллиард куб метр газ өткөрө алат. Буга чейин Казакстандын энергетика министрлиги аталган газ куурунун эки тилкеси өтө эскирип калганын билдирген.

XS
SM
MD
LG