Ссылки доступа

Душанбе-Чанак трассасында көчкү алдында калган кишилерди издөө уланууда


Тажикстандагы Душанбе-Чанак автожолунда кар көчкүнүн алдында калган эки кишинин сөөгү азыркыга чейин табыла элек. Тажик бийлиги 26-февралда Шахристон ашуусуна түшкөн көчкү бир эмес эки автоунааны басып калган болушу ыктымал экенин билдирүүдө.

27-февралда Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу комитетинин өкүлү күн мурун эки кишинин сөөгү табылып, Шахристон районуна жөнөтүлгөнүн кабарлады.

"Сөөк издөө уланууда. Кар алдында канча киши калганы белгисиз. Окуя болгон жерге Хоженттен ыкчам жардам бөлүгү келди", - деп кошумчалады ал.

Душанбе-Чанак жолун тейлеген Innovative Road Solutions (IRS) компаниясы кырсык 26-февралда трассанын 157-чакырымында болгонун билдирген. Маалыматка караганда, көчкү түшкөндө үч киши дароо жан берип, дагы бири ооруканада көз жумган. Бир аял аман калып, Шахристон райондук ооруканасына жеткирилген. Дарыгерлер 37 жаштагы келиндин абалы өтө оор экенин билдирүүдө.

Душанбе-Чанак жолуна түшкөн кар көчкү канча адамдын өмүрүн алганы так белгисиз. Тажикстандын өзгөчө кырдаалдар комитетинин кызматкери менен IRS кар алдында бир эмес эки автоунаа калган болушу мүмкүн экенин божомолдоодо.

Кар көчкү түшкөндөн кийин Душанбе-Чанак жолу убактылуу жабылып, 27-февралга караган түнү жол кыймылы кайра калыбына келтирилди.

Быйыл Тажикстанда кар калың жаап, соңку бир айда эле көчкүдөн 20дан ашуун киши набыт болду. 15-февралда Душанбе-Хожент жолундагы табият кырсыгынан айдоочу мерт болгон.

XS
SM
MD
LG