Ссылки доступа

Тажикстанда Маңзатты көзөмөлдөө агенттигинин жогорку кызматтагы аткаминери кармалды


Нодир Муродзода
Нодир Муродзода

Тажикстанда президентке караштуу Маңзатты көзөмөлдөө агенттигинин жогорку кызматтагы аткаминери Нодир Муродзода кармалды.

Маалыматка караганда, агенттиктин Хатлон облустук башкармалыгын жетектеген Муродзода маңзат сатууга шектүү адамдын тууганынан пара алууга жана алдамчылыкка айыпталууда. Ал кол алдындагы төрт кызматкери менен бирге быйыл 10-февралда эле кармалган, бирок бул тууралуу эми гана белгилүү болууда.

Азырынча аткаминердин кармалышы боюнча мамлекеттик түзүмдөр расмий билдирүү жасай элек. Бул боюнча Нодир Муродзоданын өзү же анын жакындары менен да байланышууга мүмкүн болгон жок.

"Озоди" радиосу өз булактарына шилтеме кылып кабарлагандай, полковник Муродзода маңзат аткезчилигине айыпталган адамдын иши боюнча документтерди жасалмалоого жана шектүүнүн жакындарынан 150 миң сомони өлчөмүндө пара алууга айыпталууда. Ага "Пара алуу" беренесинен тышкары "Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык" беренеси боюнча да кылмыш иши козголгон. Бул иштерди өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) менен Башкы прокуратурасы тергеп жатат.

Нодир Муродзода учурда УКМКнын Душанбе шаарындагы тергөө абагында камакта отурат. Эгер ал жогорудагы беренелер боюнча күнөөлүү деп табылса, 94 миңден 140 миң сомони өлчөмүндө айып пул төлөп же 8 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG