Өткөн жылы 10-декабрда газ толтуруу жайларынын ишине киргизилген чектөөлөргө жана бензинге болгон суроо-талаптын өскөнүнө байланыштуу президенттин жарлыгы менен Аи-80 үлгүсүндөгү жергиликтүү жана импорттук бензин үчүн акциздик салык убактылуу жокко чыгарылган. Өзбек өкмөтүнүн бул чарасына чейин Аи-80 бензининин бир тоннасынын биржадагы орточо баасы 8,09 миллион сумду түзүп турса, 10-декабрдан кийин ал 6,29 миллион сумга чейин төмөндөгөн.
"Өзбекмунайгаздын" басма сөз кызматы 1-марттан тарта бир тонна жергиликтүү Аи-80 бензининин биржадагы старттык баасы 6,86 миллион сумду, импорттук бензиндики 8,036 миллион сумду түзөрүн, биржалык соодалашуунун жыйынтыгында бул баалар орточо 8,15 миллион сумга жетерин билдирди.