Ссылки доступа

Казакстанда имараттын ичинде согушка каршы пикет өткөргөн активист полицияга чакырылды


Казакстанда мажилис депутаттарын шайлоого талапкер болуп катталган жарандык активист Инга Иманбай "Улут аралык кастыкты козутуу" иши боюнча полицияга чакырылды. Бул тууралуу ал өзү Facebook баракчасына жазды.

Иманбай 24-февралда Адам укуктары боюнча Казакстан бюросунун Алматыдагы имаратында бир кишилик пикет өткөргөн. Ага чейин Алматы акимчилиги активистке Украинадагы согуштун башталышынын бир жылдыгына карата шаарда акция өткөрүүгө уруксат берген эмес.

"Мага Еңбекшиказак райондук полиция бөлүмүнөн телефон чалып, "улут аралык кыстыкты козутуу" иши боюнча суракка чакырышты. Диас Хасенов аттуу полиция кызматкери түшүндүргөндөй, Алматы шаардык полиция департаментинде мага карата иш бар экен, ошону чара көргүлө деп жөнөтүшүптүр", – деп жазды Иманбай.

Ал өзүнө карата кандай гана куугунтук болбосун, саясий буйрутма деп эсептей турганын кошумчалады. "Өзгөчө күйөөм Жанболат Мамайга кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланып жаткан маалда бул биздин үй-бүлөгө карата жасалган саясий репрессия актысы катары бааланат", – деди Иманбай.

Инга Иманбай — өлкөдө каттоодон өтпөгөн "Казакстандын демократиялык партиясынын" лидери, Январь окуялары боюнча айыпталып жаткан Жанболат Мамайдын жубайы, журналист жана жарандык активист. Ал быйыл февралда Алматыдагы №3 шайлоо округу боюнча мажилис депутаттарын шайлоого талапкер болуп катталган.

Казакстанда мажилис жана бардык деңгээлдеги маслихаттардын депутаттарын шайлоо 19-мартка белгиленген. Расмий түрдө 18-февралда башталган үгүт иштери 18-мартта аяктайт.

XS
SM
MD
LG