Ссылки доступа

Бишкекте аялы менен алты айлык баласын сабаган адам тергөө абагына камалды


Бишкектин Свердлов райондук соту аялы менен алты айлык баласын катуу сабаган деп шектелип жаткан 35 жаштагы шаар тургунун 26-апрелге чейин тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы күйөөсүнө карата чара көрүү өтүнүчү менен Бишкектин жашоочусу арыз менен кайрылганын кабарлаган. Анын айтымында, күйөөсү мас болуп келип, алты айлык баласы экөөнү катуу сабаган.

Милициядан үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (Кыйноо) менен кылмыш иши козголгонун билдиришти. Бул берене боюнча күнөөлүү деп табылгандар үчүн 50 миңден 100 миң сомго чейин айып пул төлөтүү же үч жылга эркинен ажыратуу жазасы каралган.

"Учурда кылмыш ишинин алкагында тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда", – деп кабарлады Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы.

Ички иштер министрлиги 2021-жылдан тартып үй-бүлөлүк зомбулук үчүн жаза күчөтүлгөнүн билдирип келет. Башкы прокуратура 2022-жылы аялдарга каршы жасалган зордук-зомбулукка байланыштуу 6 580 кылмыш иши козголгонун кабарлаган.

Эл аралык Human Rights Watch (HRW) уюму 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча жарыялаган баяндамасында Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү боюнча маанилүү кадамдар жасалганы менен, аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулук фактыларынын көбү сотко жетпей, жабылып калып жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG