Маалыматка караганда, алар "Коркутуу", "Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу", "Журналисттик ишмедүүлүккө тоскоолдук жаратуу", "Бөтөн мүлктү атайлап бүлдүрүү же жок кылуу" жана "Бейбаштык" беренелери боюнча шектелүүдө.
"Алматыда чагымчыл чабуулдардын координатору – чет элдик жаран, адискөй хакер О. Токарев кармалды. Анын убактылуу жашаган жеринен чабуулдарды башкарган, анонимдүү Телеграм-акаунттарда тапшырма берген, аткаруучуларды тапкан жана алардын акысын төлөгөн техника табылды", - деп айтылат полициянын билдирүүсүндө.
Соңку жарым жылда Казакстанда журналисттерге чабуул жасалган учурдар көбөйгөн.
Өткөн аптада Казакстан ИИМи журналисттерге каршы мыйзамсыз аракеттерди жасоо шеги менен 18 киши кармалганын кабарлаган.