Мирзиёевдин айтымында, акыркы үч жылда энергетика тармагына 8 млрд доллар өлчөмүндө түз инвестиция тартылган. 2023-жылы ишканаларда, социалдык объектилерде 1700 МВт кубаттуулуктагы күн панелдерин орнотуу пландалууда.
Шавкат Мирзиёев 2016-жылы бийликке келгендер бери калкты электр кубаты менен камсыздоону жакшыртууга убада берип келет. Бирок жыл сайын күз-кыш мезгилинде Өзбекстан энергетикалык каатчылыкка туш болот.
Расмий маалыматка караганда, Өзбекстанда электр энергиясынын 90% жылуулук электр станцияларында өндүрүлөт. Бул үчүн газ жана көмүр колдонулат. Өлкөнүн Энергетика министрлиги кыш мезигилинде жылуулук электр станциялары газ менен толук камсыздалбай жатканын мойнуна алган.