Алардын айтымында, эч ким жабыркаган эмес, бирок мигранттардын документтери толугу менен күйүп кетти.
“Өрттөн паспорт, иш үчүн алынган патент күйүп кетти. Аларды калыбына кетирүүгө бир нече ай керек болот”, - деди Манус аттуу мигрант.
Өрттүн себеби азыркыга чейин белгисиз. Пермь шаарынын укук коргоо органдары иликтөө иштерин баштады.
Орусияда айрым тажик мигранттары эч кандай шарты жок вагондордо жашашат, бул – турак жайдын эң арзан түрү. Мигранттардын вагондорун өрт чалган учурлар мурда да болгон. Орус бийлиги анын себебин дайыма коопсуздук эрежелери сакталбаганы менен түшүндүрүп келет.