"Автобустун ичи өтө суук, айрым жүргүнчүлөрдүн буттары шишип кетти. Түнчүндө катуу кар жаады. Ачкабыз, көпчүлүгүбүз төрт күнгө жеткидей эле тамак-аш алганбыз. Тажикстандан жети күн мурда чыкканбыз. Жүргүнчүлөрдүн арасында аялдар менен балдар да бар, баарынан ошолорго кыйын болуп жатат", – деди өзүн Собир деп тааныштырган жүргүнчүлөрдүн бири.
Холмумин Хакназаров аттуу дагы бир жүргүнчү Орусияга үй-бүлөсүнүн 13 мүчөсү менен иштегени баратканын билдирди. "Неберелерим ооруп калды. Элди эмнеге алдашат? Авиабилетке акчабыз жок болгон үчүн автобусту тандаганбыз. Көйгөй өзбек-казак чек арасынан өткөндө эле башталган. Көрсө автобус бузук экен", – деди ал.
Мигранттардын айтымында, Москвага чейин автобус билетин 1 100-1 300 сомониден сатып алышкан. Бул Душанбе-Москва багытындагы авиабилеттерге салыштырмалуу бир нече эсеге аз.
"52 жүргүнчүгө ылайыкташкан автобуста 69 киши баратабыз. Айрымдары Москвага чейин туруп барууга аргасыз", – деп кошучалады Хакназаров.
Тажикстандан Орусиянын шаарларына жүргүнчүлөрдү ташыган "Сайри лахзаи дунё" компаниясы автобустун техникалык мүчүлүштүктөрү жоюлганын билдирди.
"Биздин тажрыйбада автобус алгачкы жолу орто жолдо бузулуп калды. Жүргүнчүлөрдү болушунча тез арада Москвага жеткирүү үчүн бардык чараларды көрөбүз", – деди компаниянын өкүлү Диловар Хакназаров.